Президенттик шайлоого катышууга БШКга арыз бергендердин саны 59га жетти. Маалыматты аталган мекемеден билдиришти. БШК шайлоого талапкер көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алууну бүгүн, 1-августта токтотту.
48 талапкер президенттик шайлоого өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жатат. Алар:
- Назарбек Нышанов, “Лига-антикризис” борборунун төрагасы;
- Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Арстанбек Абдылдаев, “Ауирдин” ишканасынын директору;
- Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин экс-депутаты;
- Рита Карасартова, “Коомдук анализ институту” уюмунун жетекчиси;
- Бакыт Дегенбаев, Өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы;
- Сайнидин Султанидинов, Латвиянын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлү;
- Камила Шаршекеева, Эл аралык Борбордук Азия университетинин ректору;
- Таалатбек Масадыков, эл аралык эксперт;
- Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин депутаты;
- Замира Муратбекова, пенсионер;
- Санжарбек Энназаров, убактылуу жумушу жок;
- Сагынбек Абдрахманов, Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы;
- Мукар Чолпонбаев, “Мукар жана профи” юридикалык мекемесинде жактоочу;
- Кубан Чороев, "Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхий-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу" коомдук фондунун төрагасы;
- Анвар Сартаев, пенсионер;
- Улукбек Кочкоров, Жогорку Кеӊештин V чакырылышынын депутаты;
- Куттубек Бешбаков, "Империал Девелопмент" компаниясынын башкы директору;
- Игорь Трофимов, "Сергий Радонежский жана "Айкөл Манас" атындагы укук коргоо борбору" компаниясынын башкы директору;
- Максатбек Жумабеков, убактылуу жумушу жок;
- Нусрет Муса-Оглы Мамедов, Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти;
- Руслан Жунусов, "Шматрица" ЖЧКсынын башчысы;
- Шерикул уулу Мирлан;
- Арсланбек Малиев, "Аалам" партиясынын лидери;
- Азимбек Бекназаров, мурдагы башкы прокурор;
- Токтобүбү Таласбаева, "Улуу чындык" коомдук фондунун башчысы;
- Дамира Токтосунова, ЖЧКлардын биринде консультант болуп иштейт;
- Садыр Жапаров, экс-депутат;
- Токтайым Үмөталиева, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын башчысы;
- Алмазбек Каримов, "ЮТС" ТРКнын башкы директору;
- Калмамат Мактымбаев, пенсионер;
- Марта Кадыралиева, коомдук-саясий ишмер;
- Казыбек Шайымбетов, пенсионер;
- Муканбайжан Айманбаев, убактылуу жумушсуз;
- Эрнис Зарлыков, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
- Темиркул Өмүралиев, убактылуу жумушсуз;
- Акбаралы Айтикеев, ишкер;
- Талгатбек Кожогулов, коомдук ишмер;
- Акылбек Мансуров, «Ридуан» ЖЧКсынын башкы директору;
- Полотбек Кенжекулов, "Полот бек" коомдук фондунун президенти;
- Марат Иманкулов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурунку орун басары, пенсионер.
- Өмүрбек Бөлтүрүков, "Бөлтүрүк" дыйкан чарбасынын башчысы
- Камил Токтобаев, пенсионер;
- Роман Ремнев, укук коргоочу;
- Аскарбек Абышкаев, «Кыргызпромтезнология» ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси;
- Советбек Абыкулов, ӨКМнын өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин башкы адиси;
- Бакыт Керимбеков, Кыргыз Республикасындагы пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
- Марат Мергенов, адвокат.
Ал эми 11 талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлдү:
- Темир Сариев, “Ак шумкар” партиясынын лидери;
- Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери;
- Турсунбек Акун, "Адам укугу" партияcынын лидери;
- Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери;
- Сооронбай Жээнбеков, КСДП партиясынын өкүлү;
- Камчыбек Ташиев, "Ата Журт" партиясынын лидери;
- Ахматбек Келдибеков, "Ата Журт" партиясынын лидери;
- Исхак Масалиев, "Кыргызстан коммунисттери" партиясынын лидери;
- Темир Асанбеков, “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери;
- Турат Акимов, "Чоң казат" саясий партиясынын өкүлү;
- Канат Исаев, "Кыргызстан" саясий партиясы.