"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Кара-Суудагы жарымына чейин тытылган желек алмаштырылды" дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылындагы профессор Жолдубаев атындагы адистештирилген окуу-тарбия комплексинин сыртына илинген желек жарымына чейин тытылып кеткендигин буга чейин окурман WhatsApp аркылуу билдирген.

"Аталган мекемедеги желек бүгүн, 26-июлда алмаштырылды", - деп билдирди SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Акматалиев.

"Бул мекеме профессор Ырысбай Жолдубаевдин жеке мектеби. Ал киши менен байланышып, абал боюнча сурадык. Желекти ушул жылдын май айында эле алмаштырган экен. Бирок ал жерге күн тийип, шамал болгондуктан бир нече айдан кийин эле тытылып калган. Бүгүн ал тытылган желектин ордуна жаңысы орнотулгандыгын билдирди", - деди Акматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baisogur
2017-07-26 14:00:29
Өрдөктөрү учту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан