Чехиялык "Liglass Trading" компаниясынын башчысы Михал Смелик чех жана кыргыз журналисттеринин компаниянын Кыргыз өкмөтү менен макулдашуусундагы милдеттерин аткара албай жаткандыгы тууралуу маалыматтарына жооп катары видеокайрылуу жасады.
Видеодо ал компаниянын энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы мол экенин айтып, буга чейин мындай иштер Чехия, Словакия, Англия, Румыния, Орусия, Индияда жасалганын билдирген. Компаниянын жетекчиси Кыргыз мамлекети алар үчүн чоң кызыгуу туудурганын айтып, 2017-жылдын 10-июлунда кол коюлган келишимдин бардык шарттарын аткара турганын билдирген.
Эске салсак, буга чейин Михаил Смелик журналисттер үчүн бүгүн, 26-июлда жыйын өткөрөрү айтылган, бирок жолугушуу болгон эмес.