Бишкек шаарынын тургундары азандын үн бийиктигине нааразы болгон соң муфтият анын үнүн 40 децибелге чейин төмөндөтүү чечимине келди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев маалымдады.
“Учурда таңкы жана кечки азандын үнү 40 децибелден төмөн болууда. Мисалы, мурун азандын үнү бир топ жерге угулса, азыр аны 300-400 метр аралыктан укса болот. Таңкы азан мекендештерибиздин уктап жаткан маалына туш келгендиктен, алардын тынчын албай, уйкусуна шарт түзүп берүү үчүн кылынды. Бирок буга каршы болгон дагы жарандарыбыз бар, алар таңкы азанды укпай калганына нааразы болушууда. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”, - дейт Максат Атабаев.
Кошумчалай кетсек, адамдын кадимки сүйлөгөн үнүнүн бийиктиги 40 децибелге барабар. Ал эми рок-концерттердеги үндүн бийиктиги 140 децибелге жетсе, классикалык музыка концертиники 95, бий аянтчаларындагы музыканыкы дагы 140ка жетет.