Мындан 176 жыл мурун, 1841-жылы 27-июлда орус акыны, прозаик, драматург, сүрөтчү Михаил Лермонтов каза болгон. Лермонтовдун чыгармачылыгы XIX жана XX кылымдардын көрүнүктүү жазуучуларына көп таасир берип, орус адабиятына жаңы дем берип, гүлдөөсүнө түрткү болгон. Лермонтовдун чыгармаларына сүрөттөрдө, театрларда, кинематографияда маанилүү орун берилген. Анын ырларынын көбү элдик болуп калган. Лермонтов 1814-жылы 15-октябрда туулган.
Жазуучу Николай Мартынов менен дуэлге чыгып, төшүнө тийген октон каза болгон. Дуэлге Михаил Лермонтовдун Николай Мартыновдун дарегине болгон орунсуз тамашалары себеп болгон.