Түркмөнстанда миллион долларга кумар ойногон дипломаттар кармалды

Ашхабадда миллион долларга карта ойногон топ кармалды, алардын арасында дипломаттар дагы бар экендигин Түркмөн маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Өткөн аптада Тынчтык-4 кичи районунун жашоочулары түндө чыккан чууну басуу үчүн полиция чакырышкан. Оюнчулар тартип сакчыларына эшикти ачпаган соң алар каалганы бузуп киришкен. Жашыруун түрдө маалымат берген полиция кызматкеринин айтымында, батирде 20 киши, алардын арасында үч аял болгон. Оюн үчүн бир миллион доллар коюшкан. Ишенимдүү булактар кабарлагандай, кумар оюндарын ойногондордун арасында Түркмөнстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү дагы бар. Кармалгандардын басымдуу бөлүгү, анын ичинде дипломаттар бошотулган. Жогорку кызматтагы кээ бир чиновниктердин иши сотко өткөнү кабарланууда", - деп жазылат жарыяланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан