Тажикстанда арыктаган тартип сакчылары кайра ишке алынууда

Тажикстандын Ички иштер министрлиги ашыкча салмактан улам иштен айдалган 13 тартип сакчысын кайра жумушка алгандыгын 26-июлда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Эки ай мурун Тажикстандын ички иштер министринин буйругу менен 20 милиция кызматкери ашыкча салмагы үчүн жумуштан бошотулуп, 100дөн ашуун кызматкерге арыктоо үчүн убакыт берилген. “Милиционерлер үчүн шамдагайлык жана жеңил кыймыл талап кылынат. Алар бардык кырдаалга даяр болуп, милдеттерин аткарууга тийиш”, - деп билдирген министрлик.

Ашыкча салмак менен күрөшүп, министрлик талап кылган норманы камсыздаган башка тартип сакчылары дагы жумуштарын калыбына келтире алат.

Эскерте кетсек, тажик ИИМи ашыкча салмак менен күрөшүүнү былтыр декабрда баштаган. Министр Рамазон Рахимзода белгилеген нормага ылайык, 168-170 сантиметр бойго ээ милиция кызматкерлеринин салмагы 75 килограммдан ашпашы керек. Ошондой эле эркек милиционердин бою 168 сантиметрден кем эмес, погончон аялдардыкы 160 сантиметрден жогору болушу керектигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-27 09:28:35
А бизде семиздер жумушка жакшы алынат) Анткени алар шабашка жакшы табышат))
+8
Ashka
2017-07-27 09:30:56
Биздегилерди да ошентсе жакшы болмок. Акчаны ала берип ала берип семирип олду. )))
+7
Arti
2017-07-27 09:37:17
Кызык до и после суроттору болсо жакшы болмок экен)
+6
Anikin83
2017-07-27 10:43:41
Тартип сакчысы болгондон кийин формада болуш керек,кылмышкер ди кууп жетпесен да качып кеткендей:-)
+5
Leilektik
2017-07-27 12:59:07
Олаа жаман тез арыктайсынарго арыктайм деген кыздарга кызык болсо керек ,,,,,,арыктоонун режимин айтсанар жакшы болмок
+7
AykaMer
2017-07-27 20:10:01
Leilektik,Албетте тез арыктайт да,иши жок ойлонуп журуп арыктагандыр да)))))
+2
surgeon777
2017-07-28 18:21:12
Бизде да кезинде ушундай тартипти киргизип башташкан,Конгантиев озу урушуп,арыктоого чакырган,кыйын киши эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан