Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурууга шектелип кармалган Акрам Азимов кыйноого кабылганын айтууда

Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурууга шектелип кармалгандардын бири, Кыргыз жараны делген Акрам Азимов Орусиянын Федералдык Коопсуздук кызматынын "жашыруун абагында" кыйноого кабылганын айтууда. Бул үчүн ал аталган кызматтын кызматкерлерине кылмыш ишин ачууну талап кылып жатканын жактоочусу Ольга Динзенин сөзүнө таянып 26-июлда "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты. Жактоочунун айтымында, Азимовдун манжаларынын издери калышы үчүн колуна граната кармоого мажбурлашкан.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, жанкечти менен кошо 14 адам каза болгон. Ошондой эле 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган. Аны уюштурууга шектелип бир туугандар Акрам жана Аброр Азимов менен кошо 8 киши кармалган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
tursunbaev78
2017-07-27 12:18:52
Башынан сыламак беле,ошону көрөт да жөн жүрбөсө
+3
Begimkyz
2017-07-27 12:23:10
Кудай билет кимдин канчалык куноосу бар экенин, балким бул деле бизге окшогон карапайым эле киши болгон. Билип билбей таба кылбай эле коелу. Темир торду чычкандын баласына деле ыраа корбойм. Куноосу болсо жооп берсин.
+11
temirov.2013
2017-07-27 12:30:01
Жон жургон адамды кармап алып кетишпейтта. Ким билсин кимдин канчалык ак экенин. Кудай коруп турат эртеби кечби жан кечтилер жазасын алат.
+1
ACAH-AKA.
2017-07-27 12:53:12
Туптууру кылышат
Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт дейт
-8
tumann.
2017-07-27 13:17:51
ACAH-AKA., асан ака болсон озуно. Бирок созду ойлоп териштирип жети олчоп анан суйлоону уйрон. окшошсо окшошпосо балп эттирип салбай. Эмнеге баарына мусулман куноолуу болуп калды. Бул деген саясат.
+4
bond
2017-07-27 14:42:10
tumann.,Асан ука турбайсынбы.
+4
tumann.
2017-07-27 13:10:46
Эч туп туура кылбайт эмнеси туптуура экен мажбурлагандын. Ээ кыямат жакын калган. Пайгамбар айткандай мусулман Баласы кыямат жакындаганда аябай кор болуп кетти.мусулман баласын кайдагы орустун азабына кыйып християнды колдоп бир тууганынарды азапка жардамсыз таштап койгон силердин мусулман экенинерден да кумонум бар.
+2
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-27 14:52:49
tumann., туп туура бул орустардын политикасы кафырлар эч качан мусулман учун куйбойт ошону билип алгыла
+1
cubich
2017-07-27 13:19:43
Чет жакада жургон Кыргызстандын дагын бир жаранына айып тагылды. Бул жерде ал адам терорчулукка тиешеси барбы же жокпу бир гана кудай билет. Орустардын оюну болушу да мумкун.Бирок бешенесине жазган экен ушул бала кармалды. Сырт жакта канчалаган Кыргызстандык журот, менин каалом аман эсен оз элине кайтып келишсин.
0
Rifle_I
2017-07-27 13:25:08
Кыргыз жараны деп ар жерде атыбыз чыгып жатканына да өзүбүз себепкер. Жакшы, нукура кыргыз ,патриот башчы тандай албай жатабыз. Эптеп эле 1000 сомго алданып жобуш сатып жүрөбүз.
+2
Drongo
2017-07-27 13:38:40
Кыргызстандык озбектерди атайын колдонуп жатат,террордук уюмдар.Булардын журогундо жек коруу сезими кучтуу,башкаларга караганда.Ошондуктан буларды колдонуу учун,акчага азгыруу кыйынчылыкка турбайт.Акча учун булар баардык ишке даяр.Россиянын ФСБ кызматы жондон жон эле куноосу жок адамдарды кармай бербейт.Тоодой куноосу бар учун кармалды.Мындай адамдар жеткен караозгой болушат.
+3
nargiza1986
2017-07-27 15:45:00
Drongo,туптуура жазгансыз мен да кошулам. Бейкуноо он торт адам олду. Бир тиешеси бар учун кармады да. Кылган кылмышы учун жооп бериш керек. Дагы орустар жакшы экен канча мигранттарды батырып атат. Кобу ушул жакта иштеп уй жайын тургузуп атат.
0
Aitun
2017-07-27 14:41:03
Россиянын ФСБсы кочодо кетип аткан бироону эле кармай бермек беле алар билип тактап кармашатда. Кысчу жерин кысып мусулмандарды жаман аттуу кылбай акчага азгырылбай тынч журбойбу. Каерде жазылыптыр адам олтурсо сооп болот деген.
+1
MoltirJan
2017-07-27 14:50:35
Балетом мунун деле куноосу жоктур...Эми эптеп бироону виновный кылып камаш керек та.Терракты жардырган адам олуп кетти.Орусиянын менттеринен любой нерсени кутсо болот...
0
MoltirJan
2017-07-27 14:51:10
Балким деп жазгам
0
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-27 14:59:38
озбек болобу кыргыз болобу арап болобу мусулман мусулманга тууган пайгамбар (САВ) айткан бир нече хадистер бар акыркы ажылыкта басса белгилеп айткан азыркы жашоодо тилеке каршы наоборотунан кафырларга алданып мусулман мусулманды жек коруп атышат
+2
AKCAHAT
2017-07-27 15:22:51
Бул оздорунун эле саясаты экени далилденди.Эмнеге кечкээле мигранттар тарабынан боло берет баардык кылмыштар,ал эми мигранттар ар турдуу кырсык кылмыштардан коз жумуп жатат бул жо эч кандай маалыматтар берилбейт.Булар оз оюну учун колдонот мигранттарды. Кара курсак учун орустарды тим эле периштелердин периштеси, акылдуулардын акылдуусу, актардын аппагы кылып алган кээ бирлерге боорум ооруйт.
+2
Nur90m
2017-07-27 17:34:53
Эгер подстава болсо Аллахым кунолуулордун жазасын берсин!Аамин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан