Путин Кыргыз мамлекетинин жарандарына Орусия аймагында улуттук айдоочулук күбөлүк менен иштөөсүнө уруксат берди

Кыргыз мамлекетинин жарандарына Орусиянын аймагында улуттук айдоочулук күбөлүк менен унаа башкарууга жана ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилди. Тийиштүү мыйзамга Орусия президенти Владимир Путин кол коюп, документ укуктук маалымат боюнча расмий сайтка жарыяланды. Аталган норма орус тили расмий тил катары кабыл алынган өлкөлөргө тийиштүү болот.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-июнунан тарта Орусияда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштегендер жумушка чыга албай калышкан. Алардын арасында Кыргыз мамлекетинин жарандары да бар. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Кыргыз жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен транспорттук каражатты башкарууга, ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берүү тууралуу Орусиянын президентине кайрылуу токтомун бир добуштан кабыл алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
baisogur
2017-07-27 11:01:47
Жакшы жанылык
+3
Bek_Kazan
2017-07-27 11:18:46
Ушуну жаңылык десе болот
+5
Дарыгер
2017-07-27 11:37:04
Ушул кайрылууну дагы орус депутаттары ойлоп бизге жардам болду. А Кыргызстандын бир депутаты де элчиси же тышкы иштер министирлиги бири дагы кочугун которуп бир ооз соз же бир кайрылуу айтууга жарабады. Кайра ойду тоону суйлошуп орус саясатчыларына сын тагып коюшат Кыргызстандын "башчылары"
+9
admiral
2017-07-27 11:49:01
Дарыгер,ооба, туура айттыныз. Бул нерсеге биздин кыйындарыбыздын эч кимисинин, эк кандай салымы жок. Орус бийлигине рахмат. Бирок озбек, тажиктердинда куну башталды!!!
+2
ZHYRGAl1412
2017-07-27 13:32:22
admiral,орус тили расмий тил экени учун уруксат бергенде атамбаев айтканга чейин эле уруксат берилмек.бул нерсе атамбаевтин бир созу менен чеилди орус тили расмий тил экени учун эмес бул болгону саясат путинда айттыда элдин козунчо депутаттарга мага кат жолдогула мен кол коюп койоюн деп.
0
cubich
2017-07-27 13:42:58
admiral,Жакында Кыргыз деген эл жоголуп дуйного мандикер эл деп жайылбасак эле болду. Ушул нерсени чондор ойлонуп жатат болду бекен?
0
Hadyja
2017-07-27 18:51:33
Биздин депутаттар,госдумага кат жиберишкен,биздин айдоочуларга уруксаат берсенер жакшы болмок деген сыяктуу.Ошого жооп кылып,булар макул дешиптир
-4
shayl2106
2017-08-01 04:06:46
ошондо дагы бир нерсени билгим келет,срок жок болсо жарай береби ямосквада???жооп берип койгулачы,рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан