“Кыргызстан” партиясынын съезди өтүүдө, президенттик шайлоого Канат Исаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнү жатат

Бүгүн, 27-июлда “Кыргызстан” партиясынын съезди өтүп жатат.

Партия мүчөлөрү лидери Канат Исаевдин талапкерлигин президенттик шайлоого көрсөтүшөрү маалым болду. Курултайга Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов, “Бир Бол” фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев, экс-акыйкатчы Бактыбек Аманбаев, мурдагы депутат Ахматбек Келдибеков катышууда.

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда президенттикке ат салышуу үчүн 40 талапкер Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан