Муфтият Рамазан айында канча битир-садага чогулганын жана кайсы жакка коротуларын билдирди

2017-жылдын Рамазан айында республика боюнча 33 миллион 668 миң 886 сом битир-садага чогулган. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чогулган акча Дин башкармалыгы тарабынан өлкө аймагындагы казыяттар жана мечиттердин арыз кайрылууларынын негизинде мүмкүнчүлүгү чектелген, кароосуз калган адамдарга, жетим-жесирлерге таратылып берилүүдө.

Ошондой эле аталган маалыматта быйылкы топтолгон битир-садагадан Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жалпысынан 3 миллион 200 миң сомдук жардам берилгени айтылат.

Андан сырткары быйылкы жылы кабыл алынган арыздардын негизинде комиссиянын чечими менен 1 миллион 900 миң сом муктаж жарандарга таратылып берилген. Алардын арасында оор операцияга дуушар болгондор жана бөйрөк оорусунан жабыркаган адамдар дагы болгон.

Маалымат катары, быйыл битир-садага былтыркыдан 1 миллион 512 миң 281 сомго көп чогулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-27 12:40:31
Канча чогулганы кызык эмес чынында. Муфтият туура колдонсо болду болгону. Жоопкерчилиги Кудай астында болот. Канча сумма кайга коротулганы биздин иш эмес. Садака берсек берели, Аллахтан сооп келет, муфтияттан жооп келбей эле койсун. Андан аркысына өздөрү күбө.
+6
tumann.
2017-07-27 13:03:24
TIMON_BERKOWITZ, муфтияттан отчет болбосо дагы айтсанар бизге озу эмне жагат экен.
+4
Muslim_KGstana.
2017-07-27 13:11:11
Бирок аз бул сумма/Толук 100% чогултканга аракет кылыш керек,ошондо мындан да коп сумма чогулат.
-4
Hadyja
2017-07-27 13:18:18
Эн башкысы муктажад алып,Кудайым Ыраазы Болсун!Муфтиятка ишенем,себеби муфтийибиз такыбаа адам.Баарын козомолдоп,акчалар оз ээлерине жеткен болуш керек
+4
Rifle_I
2017-07-27 13:19:23
Муфтиятты отчет бер деп ким сурады ?
Мисалы биз садака берген акчаны каякка жумшалаарын сурабадык.
Ошол сураган адамдар садака бердиби биринчи ?
0
syd.adilet
2017-07-27 13:55:36
Менимче туураа эле болшутуруп берген болуш керек.Супер.kg Kечееки приздент суйлогон созу боюнча муфтияттан жооп алып бергилечи муфтийдин жообун угайлы.
0
admin_superstan
2017-07-27 14:02:32
israil, кимдир бирөөнүн адамдык аброюна шек келтирип, аны каралоого тыюу салынат. 3 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан