“Кыргызстан” партиясынын төрагасы Канат Исаев Кыргыз мамлекетинен артта калган өлкөлөрдө “Коопсуз шаар” долбоору иштеп жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда аталган партиянын съездинде билдирди.
“Башкортостанга, Тажикстанга бардым, кичинекей, орто шаарларына дагы видеокамералар орнотулган экен. Бизде миңдеген адамдар каза болуп жатат. Мурда Бакиевге, Акаевге шылтап келгенбиз. 7 жылда борборубузга видеокамера орното алган жокпуз”, - деди ал.
Ошондой эле ал Кыргыз өлкөсүнүн жаштары Казакстанда, Орусияда иштеп жаткандарына нааразы болду. "Кыргыз жол куруучулары жумушу жок жүрсө, кытайлар мамлекетте жол куруп жатышат. Биз жаштарыбызды жумуш менен камсыз кылып беришибиз керек. Ошону менен катар, ата мекендик ишкерлерибизди колдообуз зарыл”, - деди Канат Исаев.
Мындан тышкары ал талапкерлердин баары бириге турган мезгил келгенин белгиледи. Исаев президент өзүнүн партиясындагыларды жогорку кызматка даярдабашы керек экенин айтты. Талапкерлерди ынтымакка келүүгө чакырды.
Учурда партиянын съезди өтүп жатат. Анда Канат Исаевдин талапкерлигин президенттик шайлоого көрсөтүү чечимин кабыл алышат.