Чет өлкөдө эмгектенген Кыргыз жарандарынын саны өткөн жылга салыштырмалуу 30-40 миңге өстү

Чет өлкөдө 710 миң Кыргыз жараны иштеп жүрөт. Мындай маалымат бүгүн, 27-июлда Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат жыйынында айтылды.

"Бүгүнкү күндө 710 миңге жакын адам эмгек миграциясында чет өлкөдө иштеп жүрөт. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 30-40 миң адамга көп экендигин билдирет. Мигранттардын 616 миңи Орусияда жүрсө, Казакстанда 30 миң адам бар. Кореяда 14 миңдей Кыргыз жарандары иштейт. Ал эми 20 миңдей адам Европа өлкөлөрүндө эмгектенет. Биздин дагы бир маселебиз - мигранттарды укуктук жактан коргоо. Учурда бул тармакта иштеп жатабыз. Мигранттардан 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында 605 миллион доллар өлчөмүндө каражат которулган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 145 миллион долларга көп", - деди Миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиев.

Миграция кызматы мигранттарды укуктук маалымат алууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tunerbei1812
2017-07-27 12:59:20
Кобойсо жыргаптырсынар.
+6
cubich
2017-07-27 13:26:26
Канчасы гражданство алып алышкан, аларды эсептебейсинерби?
+7
ady-88
2017-07-27 13:33:37
Жарандык алган кыргыздар 300 400мин плюс 700 800мин кыргыз жараны ошондо 1400000жакын кыргыздар мигрант болуп журущот. Чондордун балдары кыздары чет олкодо феррари минип алар журушот.
+9
cubich
2017-07-27 13:47:39
Жакында Кыргыз деген эл жоголуп дуйного мандикер эл деп жайылбасак эле болду. Ушул нерсени чондор ойлонуп жатат болду бекен?
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан