Бүгүн, 27-июлда коомдук ишмер Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын жүрүшүндө Бекназаров “Ата Журт” партиясынын съездинде сүйлөгөн сөзүн "улуттук кастыкты козутуу" деп айтуу негизсиз экенин билдирип, ал сөзүнө түшүндүрмө берди.
“Мен кайсы бир улуттун атын атаган жокмун. Кайсы бир улутка басынтуу жасаган жокмун. Улутчул болуш үчүн кайсы бир улутту атап "сен мындайсың, силер тигиндейсиңер" деп айтышым керек. Мени эгер сотко берсе Ташиев менен Келдибеков бериши керек. Мен аларды таза кыргыз деп атаганым үчүн. Менин "Ата Журт" партиясында сүйлөгөн сөзүмдө улутчулдук жок. Азыр улутчулдук деген түшүнүк мекенчилдик деген түшүнүккө алмашты. Мен Путинди сыймыктануу менен айтам. Ал улуттук идеология менен бүтүндөй элин бириктирип, экономикасын көтөрдү. Мен да Путин, Эрдогандай болуп улуттук идеологиянын алдында чачылып бараткан элди бириктиргим келет. Акаевдин "общий домун сындырам" дегем. Ар бир жаран улутуна карабай ушул үйдүн ээсимин деп мекенин сыймыктанып айтышы керек”, - деди Бекназаров.
Эскерте кетсек, 18-июлда Бишкекте "Ата Журт" партиясынын XI курултайы өтүп, Азимбек Бекназаров чыгып сөз сүйлөгөн. Ал эми УКМК Бекназаровдун сөзү боюнча филологиялык-саясий экспертиза дайындалганын билдирген болчу.