Алмамбет Шыкмаматов: "Шайлоо өнөктүгү баштала элек жатып одоно мыйзам бузуулар болуп жатат"

Шайлоо өнөктүгү баштала элек жатып одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 27-июлда Бишкекте "Ата Мекендин" башка мүчөлөрү менен бирге берип жаткан маалымат жыйында айтты. Ал БШК 26-июлда абакта отурган Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүсүн камсыздашы керек эле деген пикирин айтты.

"Бүгүнкү күнү Өмүрбек Текебаевдин тегерегиндеги саясий окуялардын баары президенттик шайлоого байланыштуу. Президент Алмазбек Атамбаев шайлоо таза өтөт, элдин добушу уурдалбашы керек деп байма-бай айтып келет. Ал сөздөр ишке ашпай жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын кечээки отурумуна күбө болдук. БШК эмне деп жатат? БШК мыйзамга таянбай туруп, Текебаевди талапкер катары мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүсү үчүн сот чечсин деген бүтүм чыгарды. Шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерге бирдей тартипте караш керек", - деди Шыкмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан