Жогорку Кеңеш жаңы өкмөт башчыны шайлоо үчүн 21-августта кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге билдирди.
Жыйында өкмөттүн курамы да бекитилет.
Кезексиз жыйынга чогулууну көпчүлүк коалициянын башчысы чече турганы парламенттин регламентинде каралган.
Эске салсак, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги КСДП тарабынан президенттик шайлоого көрсөтүлгөн. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого аттануу үчүн арызын берген. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, өкмөт башчы кызматын тапшырып бериши керек. Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда маалымат жыйында Жогорку Кеңеш күзгө чейин жаңы өкмөттүн курамын беките турганын билдирген.