Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков 40 жашка толду. Ал 1977-жылы 29-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. "Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар. 2016-жылы июнь айында Кыргыз мамлекетинин улуттук кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымы үчүн 2-даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.
Эмгек жолу:
1999-2003-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучу,
2003-2007-жылдары атташе, 3-катчы, 2-катчы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин бөлүм башчысы,
04.2007-08.2007-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы,
08.2007-10.2009-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы,
10.2009-04.2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматынын жетекчиси,
05.2010-08.2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы,
12.2010-12.2011-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы,
2011-жылдын 7-декабрынан тарта 2017-жылдын 31-январына чейин Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2017-жылдын 1-мартынан баштап президенттин аппарат жетекчиси.
29-июлга карата жылнаама.