Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоонун аягына чейин бара турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-июлда маалымат жыйында билдирди.
"Акыркы күндөрү мен жөнүндө интернет-булактарда ар кандай өзгөчө маалымат жайылып жатат. Мени бирөө менен тандемге барып, талапкерлигин алып салат, премьер-министрликке барат деген сөздөр айтылып жатат. Бул боюнча айкын жооп бергим келет. Талапкерлигимди көпкө чейин ойлонуп анан койгом. Партиялаштарым менен акылдашып көрсөтүүнү чечкем. Ошонун негизинде президенттик шайлоонун аягына чейин барып, элибиздин колдоосуна ээ болуп, буюрса, президент болом", - деди ал.