Бүгүн, 31-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков маалымат жыйынын өткөрүп президенттик шайлоого ат салышпай турганын айтты.
"Президенттикке барам деген ниетим кантип пайда болгонун айта кетейин. Буга саясий кеңештеги жер-жерлердеги партиялаштарымдын сунуштары негиз болгон. Өзүм кан жаным менен демократия үчүн болгондуктан бара турган ниетимди билдирдим. Андан кийин саясий кеңештер болуп өттү. Оппозицияга консолидация жетишпей жатканын көрдүм. Көптөгөн партиялаштар менен кеңешип акыркы жыйынтыкка келип жатам. Шайлоого барсам көп кишинин шайын кетире турганымды көргөздү. Мага карата чабуулдар башка талапкерлерге караганда көп. Эң чоң кызмат катары туруктуулукту алып келүү үчүн бүгүнкү ишимди уланта берүүнү чечтим", - деди Турсунбеков.