АКШнын Ак Үйүндө коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн директору Энтони Скарамуччи 10 күн иштегенден кийин кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта АКШ администрациясынын расмий билдирүүсүнө таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Энтони Скарамуччи жаңы аппарат башчысы Жон Келлинин бардыгын актай барактан баштап, өзүнүн жеке командасын түзүүсүнө мүмкүндүк берүүнү туура көрдү", - деп түшүндүрүлөт Ак Үйдүн билдирүүсүндө.
Буга чейин "Нью-Йорк Таймс" гезити өздүк булактарына шилтеме кылып, Скарамуччинин отставкага кете тургандыгын жазып чыккан. Скарамуччи өткөн жумада президенттик администрациясынын жогорку кызматтагы аткаминерлерин, анын ичинде Ак Үйдүн мурдагы аппарат башчысы Рейнс Прибусту кескин сынга алган.