“Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Канат Исаевдин президенттикке талапкер катары көрсөтүлүшү мыйзамсыз экенин айтты

“Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Канатбек Тургунбеков партиянын атынан Канат Исаевдин президенттикке талапкер катары көрсөтүлүшү мыйзамсыз экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-августта маалымат жыйында билдирди.

“Партиянын саясий кеңешинин отуруму кворум жок болсо да өткөнү маалым болду. Ошондой эле жер-жерлерде партиянын жыйыны болгон эмес. Съездде чыккан чечимдер күмөн жаратат”, - деди Тургунбеков.

Ошондой эле ал съездге аны чакырбаганын айтып, 2 күндөн кийин чечимди укканын билдирди. “Мени саясий кеңештен чыгарып салганын дагы билген эмесмин. Бул боюнча эч ким, эч нерсе түшүндүргөн жок. Менден башка дагы мүчөлөр чыгарылган экен. Алар Таалайбек Сагынов, Байгазы Кенжебаев жана Жаныбек Исаев. Бул чечимди Канат Исаев кабыл алыптыр. Саясий кеңештин жыйыны кворум жок өткөндүктөн кайра өтүшүн талап кылам”, - деди ал.

Аталган партиянын лидери Канат Исаев азырынча комментарий бере элек.

Эске салсак, 27-июлда “Кыргызстан” партиясынын съезди өтүп, Исаевдин талапкерлиги президенттикке көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан