“Apple” компаниясынын 2017-жылдын 3-чейрегиндеги таза кирешеси 8,72 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу аталган компания өзү маалымат тараткан. Ал эми ушул жылдын 27-июлунда “Samsung” компаниясы экинчи чейректеги кирешеси тууралуу отчёт тапшырып, анда компаниянын таза пайдасы 9,7 миллиардды түзгөнүн жарыялаган. Жыйынтыгында анын кирешеси 2016-жылдагы көрсөткүчүнөн 89 пайызга жогорулап, алгачкы ирет “Apple” компаниясыныкынан 1,8 миллиард долларга ашкан.
Түштүк кореялык компания мунун себеби - DRAM жана NAND чиптеринин, Galaxy S8 жана S8+ уюлдук телефондорунун ийгиликтүү сатылышынан улам болушу мүмкүн экенин белгилеген.