Жогорку окуу жайларга бюджеттик негизде окууга кабыл алуу аяктап, 421 орун бош калды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 2-августта кабарлады.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 3 турдун жыйынтыгында 4 420 абитуриент бюджеттик негизде окууга кабыл алынышкан. Буга чейин мамлекеттик жогорку окуу жайларына 5 440 бюджеттик орун бөлүштүрүлгөнү маалымдалган. Алардын 504ү жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүнү талап кылбаган адистиктерге берилген, ал эми 95и Кыргыз Республикасынынын президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасына берилген.
Абитуриенттерди кабыл алуунун 1-турунда 4 841 бюджеттик орунга сынак жарыяланып, 110 баллдан жогору алган 26 103 абитуриент катышып, алардын 2 508и кабыл алынган, 2-турда 4 миң, 3-турда 4 420.
"Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 97, Ош техникалык университетинде 59, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 50, Кыргыз улуттук университетинде 45 бюджеттик орун бош калган", - деп билдиришкен министрликтен.
Контракттык негизде окууга кабыл алуу 25-августка чейин уланса, сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алуу 30-августка чейин уланат.