Германиянын канцлерин бүркөлгөн кабагы таанылбай калганча өзгөрттү

Германиянын канцлери Ангела Меркель күйөөсү Иоахим Зауэр менен Италиянын Түштүк Тироль автономдук провинциясындагы "Солда" тоо-лыжа курортунда эс алууда. 1 апталык эмгек өргүүсүнө чыккан Меркелди жолдошу менен чогуу аталган курорттун эс алуучулары сүрөткө тартып алышкан.

"Меркель 68 жаштагы өмүрлүк жолдошу, Берлин университетинин профессору Иоахим Зауэр менен эс алуусун эмнегедир капалуу өткөрүүдө. Меркелдин кабагы салыңкы, тоодо эс алууга тандалган кийимдери да маанайына жараша: кара күрмө, боз түстөгү шым, боз бейсболка", - деп жазышууда чет элдик маалымат булактары.

Түгөйлөр тоого көтөрүлүп бара жаткан кезинде сүрөткө тартылган. Социалдык тармактардын колдонуучулары немис канцлеринин күйөөсүнүн да кабагы ачык эмес экенин белгилешкен.

Меркель күйөөсү менен акыркы 9 жылдан бери Италиянын Түштүк Тироль автономдук провинциясында эс алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
abusait
2017-08-02 16:31:37
Ушу элдер адамдын кабагын да жон коюшпайт. Эч ким ар дайым жылмайып журо албайтко. ((
+6
laboom
2017-08-02 16:53:24
Merkel molodez!
+2
kechirmeni
2017-08-02 17:17:28
Азаматтар! Канчалык улуу адамдар болсо да абдан жонокой
+4
AKCAHAT
2017-08-02 17:40:01
Хаха жаш баладай экоосу эки жакты карап алгандарын)))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан