Кыргыз мамлекетинин Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрү Ленин чокусунан германиялык альпинистти куткарып калды. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына ылайык, куткаруу иши 31-июлда жүргүзүлгөн.
Экипаждын курамындагы командир Д.Давитакунов, штурмандык учкуч, лейтенант Н.Зарылбеков, борт-техник Кабылбаев бийиктиктен Ош шаарына Германиянын жаранын алып түшүшкөн. Альпинист бийиктикке чыгууда ар кандай жаракаттарды алган.
"Куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан учурда өзгөчө кооптуу учурлар жаралган жок. Альпинист Ленин чокусунун ылдый жагындагы 4 миң метр бийиктиктеги Ачык-Таш аймагынан алынып келинди. Куткаруу иш-аракеттери жарым саатка созулду. Учурда анын абалы туруктуу. Экипаж түштүк аймакта нөөмөттө турган", - деп жазылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, Абадан коргонуу күчтөрү бир жылдын ичинде орто эсеп менен 20-30 куткаруу иштерин аткарат.