Ысык-Көл районуна караштуу Чолпон-Ата шаарынын 33 жаштагы Жанар Молдокматова аттуу тургуну Профсоюз уюмуна тийиштүү болгон "Ала-Тоо" пансионатынын директору Нарынбек Кызайбеков аны уюмга тийиштүү эки бөлмөлүү үйдөн кууп жатканын айтып, SUPER.KG'ге кайрылды. Жалгыз бой эне "үйдөн чыгарылсам, бир уул, бир кызым менен кайда барып баш калкалайбыз?" деп тынчсызданууда.
"Менин апам Эрмек Мамытова пансионатта 27 жыл иштеп, ошол жердеги турак жайда жашачу. 2013-жылы көз жумган. Ошондон тартып “Ала-Тоонун” директору Нарынбек Кызайбеков мени үйдөн чыгып кетүүмдү талап кылып, кубалап жатат. Үч жылдан бери соттошуп келебиз. Өзүм 2 баланы жалгыз багып келем. Ушул жагдайды эске алып, уюм Кызайбековго соттошпоо тууралуу бир нече жолу кат жолдогон. Бирок ал мындай эскертүүлөрдү укпай өз аракетин көрүп келүүдө. Уюмдун атынан соттошууга алган ишеним каты жасалма экени белгилүү болду. Бул боюнча прокуратурага кайрылсак да натыйжа чыккан жок. Ишеним катты жасаганы үчүн кылмыш иши козголот деп үмүт кылдык эле.
Ысык-Көл райондук соту дагы Кызайбековдун пайдасына чечим чыгарып, 4-августка чейин жашап жаткан үйдөн чыгып кетүүмдү кабарлады. Кайрылган адамдарга Кызайбеков менин “Ала-Тоо” эс алуу үйүндө иштебестигимди жүйө келтирип жатат. Ал эми уюм убактылуу иш берилсин деп кат жөнөткөн. Канча ирет кайрылсам да жумуш бербей кубалап жатат. Кайда кайрыларымды билбей калдым.
Бул киши директор болуп келгенден кийин апамды да "үйдү бошот" деп айтып жатып, апам оорулуу болуп калып, анын кесепетинен каза болуп калды. Чыгарып жиберсе балдарымды кайда алып барарымды билбейм. Жолдошум менен 3 жыл мурун ажырашып кеткем", - деди Молдокматова.
Пансионаттын директору Нарынбек Кызайбеков да байланышка чыгып, өз пикирин билдирди. "Жанардын апасы мен директор болуп келген учурда пенсияда болчу. Ага чейин пансионаттын сыртындагы унаа токтотуучу жайды ижарага алып иштетчү. Анын ооруп калуусуна мен күнөөлүү эмесмин.
Жанар бизде иштебегендиктен апасы каза болгондон кийин үйдү бошотушу керек да. Ансыз деле бир бөлмөлүү үйлөрдө кызматкерлерибиз 4-5тен болуп жашап жатышат. Жанар болсо, үйдү эс алуучуларга ижарага берип коёт. Аны үйдөн чык дегенден кийин арызы Акыйкатчыга, ИИМге, сотко берилип, ошол учурдан бери соттошуп келебиз. Буга чейин райондук, облустук жана Жогорку Сот менин пайдама чечип бергени менен, кайра анын даттануусу менен сот иши улантылып келет. Жөнү жок нерседен улам бир канча убактымды алышты. Мени улам-улам сотко бере берсе мен аны кантип жумушка алам. Мен деле аны балдары менен кошуп чыгарып салгым келбейт, бирок бизде иштегендерге бөлмө керек. Чолпон-Атада шаардык кеңештин депутаты болуп турганда да апасына үй салууга жер бергенбиз, аны сатып жиберсе, биз эмне кылышыбыз керек? Анан калса бул жерде жайкы сезон учурунда гана жашап, пансионат жабылган соң тапшырып берип кетишет", - деп жооп кылды ал.