Нарында кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошкон кызматкерлерге «Ыйык тил» төш белгиси тапшырылды

Нарын облусунда мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө салым кошкон бир катар жарандарга «Ыйык тил» төш белгисин тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов катышып, сыйлык ээлерин куттуктады.

«Албетте, ааламдашуу учурунда эне тилин, мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген көп тилдүү жаңы муунду өстүрүү зарыл. Аны менен катар мамлекеттик тилди сактоо жана өнүктүрүү менен элибиздин биримдигин чыңдоо маанилүү. Мамлекеттик тилдин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө сиздердин дагы салымыңыздар бар деп эсептейбиз. Андыктан сиздерге ыраазычылык билдирүү менен бирге ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм», - дейт Кайыпов.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз тили» коому тарабынан уюштурулган «Ыйык тил» төш белгиси көп жыл үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге, музей кызматкерлерине, журналисттерге жана башка мекеме-ишканалардын кызматкерлерине тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан