Президенттикке талапкерлердин бири шайлоого катышуудан баш тартты

Бүгүн, 2-августта президенттикке талапкерлердин үчөө мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Кубан Чороев, Турсунбек Акун жана Улукбек Кочкоров мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан өтүшкөн. Чороев 80,3 балл, Турсунбек Акун 94,75 балл, Кочкоров 91,9 балл алуу менен сынактан ийгиликтүү өттү деп табылды. Ал эми экинчи кезекте сынак тапшырчу талапкер Анвар Сартаев талапкерлигин коюудан баш тарткандыгына байланыштуу тестирлөөгө келген жок.

Талапкерлер "Кыргызтест" системи боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтүштү. Анда кыргыз тили боюнча лексика-грамматика, угуу, окуу жана сүйлөөнү текшерүү каралган.

Эскерте кетсек, талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу 26-июлда башталып, бир күндө 4 талапкер тестирлөөдөн өтүп турмакчы болгон. Сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билерин тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан