Эстонияда кум жээктин эс алуучулары дрон-официанттардын кызматынан пайдалана башташты. Чет элдик маалымат каражаттарынын маалыматына ылайык, бул квадрокоптер атайын бөлүкчөлөрүнө кардарлардын буюртмасына жараша суусундук куюлган бөтөлкөлөрдү салып учат.
Дрон-официанттын кызматынан пайдалануу абдан жөнөкөй - мобилдик тиркеме аркылуу буюртма берип, төлөмдү ишке ашырууга болот. Андан соң 5 мүнөттүн ичинде квадрокоптер кардарына каалаган суусундугун жеткирип берет.