Патрулдук милициянын формасын кийбей, кызматтык унаада отуруп айдоочу менен жаңжалдашкан адам боюнча кызматтык иликтөө башталды

Патрулдук милициянын формасын кийбей, кызматтык унаада отуруп айдоочу менен жаңжалдашкан адам боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев билдирди.

"Ал адам боюнча бүгүн эртең менен Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө башталган. Патрулдук милицияда иштээр-иштебестиги кызматтык текшерүүнүн натыйжасында аныкталат", - дейт Бугубаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Патрулдук милициянын формасын кийбей, кызматтык унаада отуруп айдоочу менен чырдашкан адамдын видеосу тарап, талкуу жараткан эле.

Формасыз ПМ кызматкери айдоочуну токтотуп, документин көргөзбөй чыр чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lion.
2017-08-02 19:52:05
Аай гаилер жаман мода болдунарго я.))
+1
s.k.bakyt
2017-08-03 00:18:47
Бұлар көпкөн, адамды адам сезишпейт, знактын жанына, светофордун жанына аңдып эле турат, токтотуп коркутуп,акча алгандан башка эч нерсе билбейт. Бул видеодо типа грамотей олтурат да, протокол толтуруп же акча чогултканы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан