Нарында 3800 метр бийиктикте жашаган Ак-Сай өрөөнүндө малчылардын ден соолугу текшерилүүдө

Нарын облусунун 3200-3800 метр бийиктикте жашаган Ак-Сай өрөөнүндөгү малчылардын ден соолугу текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, малчылардын ден соолугун швейцариялык дарыгерлер менен биргеликте медициналык жабдыктар орнотулуп, адистер текшерүүгө алууда. Ак-Сай өрөөнүндө тоолуу аймактын шартында жашап жаткан адамдардын ден соолугуна байкоо жүргүзүлүп, бийик тоолуу шартта пайда болгон оорулар, аларга байланыштуу көйгөйлөр жана ден соолукту чыңдоо боюнча изилдөөлөр өткөрүлөт.

"Медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн өлкө аймагында жок эң алдынкы медициналык аппаратуралар алып келинген. Учурда швейцариялык 13, ал эми кыргыз дарыгерлеринен 17 адис иш алып барууда. Акыркы 4 күн аралыгында 100гө чукул адам текшерүүдөн өттү. Медициналык кароо 15-августка чейин уланат", - деп билдиришти Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2017-08-03 09:48:59
Ай Сайдан келип калган оорулардын канын текшерип көрсө оозу ачылат. Гемоглобини 206 г/л чейин жеткендери бар экен. Биякта элдер 100-120 менен жашап жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан