Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында газ саткан жайда болгон жарылуудан жабыркап ооруканада жаткан 4 адамдын экөөсү үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта SUPER.KG`ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.
"Дарыланып жаткан адамдардын бирөөсү 28-июлда, бирөөсү 2-августта ооруканадан үйлөрүнө чыгарылды. Бүгүн да ошол кырсыктан жабыркагандардын бирин үйүнө чыгарууну пландап жатабыз", - дейт Жылдыз Айгерчинова.
Эскерте кетсек, буга чейин Ананьеводо болгон жарылуудан алгач 2 адам каза таап, 8 адам ооруканага түшкөн. Жабырлануучулардын биринин жаракаты жеңил болгондуктан, ошол эле күнү ооруканадан үйүнө чыгарылган. Кийин жабырлануучулардын үчөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.