Бүгүн, 3-августта президент Алмазбек Атамбаев 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады.
Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:
"1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүн каргашасынын жылдыгын жалпы эскерип жатабыз. Кыргыздар чачырап барып, аз жерден жок болуп кете жаздаган бул окуя бир жыл мурда - 100 жылдыгында мамлекеттик деңгээлде белгиленип, акыры тарыхтагы акыйкат ордун алды.
Элибиздин тарыхындагы эң трагедиялуу барактардан болгон бул каргашаны ондогон жылдар бою улуттук эс-тутумдан жоготуу аракеттери болгон. Эгемендик жылдарында жигердүү жана патриот жаштардын тарыхый чындыкка жетүү аракеттери жогору жактан ойдогудай колдоо таппай калган.
2016-жылы биз элибиздин моюнунда 100 жыл бою оор жүк болуп келген ыйык парзыбызды өтөдүк. Кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жанын берген чыгаан уулдарыбыздын сөөгү жашырылган "Ата-Бейитте" 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштө шейит кеткендерге эстелик тургуздук.
1916-жылдагы көтөрүлүш жана Үркүн кыргыз элин ойготуп, мамлекеттүүлүгүнө карай из салган. Андан кийин дагы көптөгөн жоготууларга карабастан, элибиз изги тилегине жетти. Кыргыз өлкөсү - азыр дүйнөдө, региондо өз орду бар келечектүү өлкө! Биз Тарыхтан таберик болуп келген мамлекетибизди жана эркиндигибизди көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз".