Базар-Коргондо Текебаевдин тарапташтары ачкачылык акциясын башташты. Алардын бардыгы аялдар

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары ачкачылык акцияларын башташты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жалал-Абаддагы Текебаевди коргоо комитетинин төрагасы Кубат Артыков билдирди.

"Ачкачылык акциясы башталгандыгы тууралуу маалымат райондук ооруканага берилген. Азыр облустук штабдын жанында тигилген боз үйдө 6 аял ачкачылыгын улантып жатат. Алардын арасында Текебаевдин бир тууган карындашы жана улгайган аялдар да бар. Бүгүн-эртең ачкачылык жарыялагандардын катарын эркектер да толуктап, адамдар дагы көбөйүшү мүмкүн", - деди Артыков.

Ал эми ачкачылык кармагандардын бири 70 жаштагы Сатикан Айтимбетова коюлган талаптарды айтты. "Биз нааразычылык билдирүүнүн ушул ачкачылык жолун тандап алдык. Текебаевдин шайлоого катышуусуна шарт түзүлсүн, тил сынагына катыштырылсын. Биз Текебаев камалган 6 айдан бери эле адилеттүүлүктү талап кылып келе жатабыз. Күндүн ысыгына карабай өзүбүздү жаман сезип жатсак дагы ушул тандаган жолубузда адилеттүүлүктү талап кылып турабыз. Биздин ден соолугубуздан да чындык маанилүү", - деди Айтимбетова.

Айта кетсек, буга чейин 31-июлда Бишкекте Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун партиялаштары жана туугандары ачкачылык жарыялашкан. Алар бул кадам менен саясий куугунтукка Кыргыздын жана эл аралык коомчулуктун көңүл буруусу үчүн барып жатканын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
toktor89
2017-08-03 12:56:42
Уят эле аша..
Оз энесиндейди ачкачылыкка чыгарды. Акыйкатсыз сотторго Аллахтын каргышы болсун
+4
Nargiza1987k
2017-08-03 13:12:35
Ашаны Аллах урганда да каттуу уратко ойлонуп иш кылса болмок бул бийлик менен акча колдун кири бугун бар эртен жок ушулардын ордуна Сапаров менен Текебаевди соттогон сот учоонор отуруп калбагыла убагы келгенде
+4
aidartegin
2017-08-03 13:33:34
Омурбек Текебаевтин карындашы кайсы???? Бети(жузу) корунбогон айымбы??
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан