Ысык-Көлдө аңчылыкка салынчу куштардын фестивалы өтөт

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Көк-Сай айылында 12-августта аңга салынчу куштардын фестивалы өтүп, тыйын эңмей, кыз-куумай, улак тартыш сыяктуу оюндары көрсөтүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар бүгүн, 3-августта кабарлашты.

"Каалоочулар улуттук ашкананын даамдарын тата алышат. Фестивалдын соңунда бүркүттөрдүн шоусу тартууланат. Кыргыз жергеси этнофестивалдарды көп өткөрүп жатат. Куштар менен болгон аңчылык европалыктарды кызыктырууда", - деген уюштуруучулар акыркы жылдары колуна куш кармаган атчан киши Кыргыз туризминин брендине айланганын белгилешет.

Иш-чаранын негизги максаты көчмөн элдин маданиятын таанытуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
daiyrbek01
2017-08-03 12:28:12
Анга эмес супуюер инфо анууга салынуучу болот
0
Aki-meki
2017-08-03 14:55:07
daiyrbek01, анууга деген сөз жок да.
0
Aidan88
2017-08-03 22:04:09
Konshu aiylym turbaiby,eh Kyrgyzstanda bolgondo sossuz barmakmyn. Buiursa super kgden foto videolorun korobuz da
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан