"Ата-Бейитте" 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктары эскерилди

Бүгүн, 3-августта "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктары эскерилди.

Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, өкмөттүн Чүй облусундагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов жана бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. Эскерүүдө 2016-жылы Үркүндө каза болгондорго багышталып куран окутулду.

2016-жылдын 2-сентябрында Үркүндүн 100 жылдыгына байланыштуу "Ата-Бейитте" мемориал ачылган. Жогорку Кеңештин 2008-жылы чыгарган токтомуна ылайык, август айынын биринчи жумасы 1916-жылдагы улуттук боштондук үчүн күрөштүн курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан