ESET компаниясынын эксперттери расмий сайтында WhatsApp колдонуучуларын жаңы чабуул тууралуу кабардар кылышууда.
Маалыматка ылайык, алардын курмандыгы электрондук дарек аркылуу WhatsApp "өкүлүнөн" кат алат. Анда шылуундар тиркемени колдонуу мөөнөтү аяктаганын билдирип, колдонуучуга шилтеме аркылуу өтүп, төлөм маалыматын жаңыртууну сунушташат.
Шилтеме банктык картанын маалыматын киргизчү формасы бар шылуундардын сайтына алып барат. Алардын оюн ишке ашырууга WhatsApp'тын буга чейин абоненттик төлөм алганы себеп болууда. Бирок тиркеме ээлери абоненттик төлөмдү 2016-жылдын январь айында жокко чыгарган.