Текебаев менен Чотоновдун ачкачылык жарыялап жаткан тарапташтарынын бирин "Тез жардам" унаасы менен ооруканага алып кетишти

Ачкачылык жарыялап жаткан "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнүн бирин "Тез жардам" унаасы менен ооруканага алып кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Нуразиз Шайырбек уулу билдирди.

"Бүгүн, 3-августта "Тез жардам" кызматы чакыртылып, "Ата Мекен" партиясынын штабында саясий куугунтуктоолордун токтотулушун талап кылып, ачкачылык жарыялап жаткан адамдардын ден соолуктары текшерилип эмдөөлөр жасалды. Алардын бири Темир Эмиловдун ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу дарыгерлер аны ооруканага алып кетишти. Текшерүүдөн соң дарыгерлер ачкачылык жарыялоону токтотууну сунушташты, ал кандай чечим чыгара турганын көрөбүз", - деди Нуразиз Шайырбек уулу.

Бул окуя боюнча "Тез жардам" кызматына байланышканыбызда, Темир Эмиловду ооруканага алып барып текшеришкенин тастыкташты.

"Дарыгерлер ага ачкачылык жарыялоону токтотууну айтышты, бирок ал көнбөй кетип калды", - деп билдиришти "Тез жардам" кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
abusait
2017-08-03 14:01:07
Соттор менен бийлик элдин жанын алып тынатко,,.
+2
ZHYRGAl1412
2017-08-03 14:05:26
Элдин озундо куноо
+3
Miru
2017-08-03 14:52:10
Келдибековду камаганда аида апчем экоон куноосу бар камалсын деп аябай аракет кылдын эле, эми атам экоону камайм дегенде ийин таппай арганар кетип жатабы? Бироого ор казсан кен каз озун тушосун.
-1
Melis2014
2017-08-03 15:02:09
Атамбай жонундо коп соз жазайын дейм банга камап койосунарда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан