Бүгүн, 3-августта Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке алгачкы талапкерди каттады. Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бардык документтерди тапшырып, мамлекеттик тил боюнча сынактан биринчилерден болуп өткөн Темир Сариевге күбөлүктү тапшырды.
Сариев БШК ачык-айкын, мыйзамдын негизинде иш алып барып жатканын айтып, ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, президенттик шайлоого катышуу үчүн 59 талапкер арыз берген. Кийин эки талапкер шайлоого талапкерлигин көрсөтүүдөн баш тарткан. Шайлоо 15-октябрда өтөт.