Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккандарга ай сайын 5 миң сом төлөнүшү мүмкүн

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын маселелерин караган өкмөттүк эмес уюмдардын, министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккандарга ай сайын акы төлөө маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-августта маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөдө жашы 18ге жете элек 29 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт, анын ичинен 6 миң бала үзгүлтүксүз кароого муктаж.

"Биз мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган адамдарга мамлекеттин бюджетинен ай сайын 5000 сом акы берели деп жатабыз. Жалпысынан 1 жылда 470 миллион сом сарпталат. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн өкмөт каражатты издеп табууга даяр. Мамлекет мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга гана эмес, алардын ата-энелерине дагы жардам берүүгө бардык аракетин жасап жатат ", - дейт Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин башчысы Таалайгүл Исакунова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
farida.kg.1991
2017-08-03 17:04:36
айыга 5000 сом аз азыр 5000 сомго башына жетсе бутуна жетпейт бутуна жетсе карынга жетпейт
-1
nurbek11
2017-08-03 17:33:14
Фарида куто туралы бул нерселер шайлоо алдындакы оюндар. 5000 сом берилип калса жардам болуп калат эле. Бирок бул нерселер болбогон болуусу да ото кыйын.
+2
ady-88
2017-08-03 17:52:17
Биринчи 5000сомдон бере баштасынчы аз дебей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан