Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эки уулун баккан энеге жардам берилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош шаардык мэриясы жана тиешелүү адистер пенсионер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эки уулун баккан Калипа Ибрагимованы көңүл сыртында калтырган жокпуз. 2012-жылы балдарынын бири мэрияга катталган. Андан бери бир канча жолу арыз менен кайрылып социалдык жардамдарды алып келген. Учурда бардык шарты бар көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайт. Бирок үйүнүн ичи таштандыга толуп калган. Электр энергия төлөмүн өз убагында төлөбөгөнү үчүн жарыгы өчүрүлгөн. Ашканасында, ажатканасындагы суу түтүгү жарактан чыгып, суу чыкпай калган. 2015-жылы бул үй-бүлө 10 миң сом, 2017-жылы май айында 3 миң сом жардам алган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, буга чейин Калипа Ибрагимова жашоо-шарты оор болуп, кыйынчылык турмушта жашап жатканын айткан.