Бишкекте түн ичинде жүргүнчүлөрүн жолго таштап кеткен маршруттук таксинин айдоочусу убактылуу жумуштан четтетилди

Төрт күн мурун Бишкекте түн ичинде жүргүнчүлөрдү жолго түшүрүп салган 215-маршруттук таксинин айдоочусу убактылуу жумуштан четтетилди. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык мэриянын алдындагы транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атаканов билдирди.

“31-июлда түнкү саат 23:00дөр чамасында 215-маршруттук таксинин айдоочусу Майрамбек Тоялиев жүргүнчүлөргө эч нерсе түшүндүрбөстөн, унаасын Манас кең көчөсү менен Киев көчөлөрүнүн кесилишине токтотуп койгон. Айдоочунун бул жоругуна байланыштуу шаардыктар чара көрүүнү суранып 1-августта арыз менен кайрылышкан. Арыздын негизинде айдоочуну жумуштан бир жумага убактылуу четтетүү чечими кабыл алынган. Эки тарап жолугуп бири-бири менен келишти. Эми бир жумадан кийин айдоочу Майрамбек Тоялиев кайрадан жумушка чыга алат. Бул ирет айдоочуга эскертүү берилди. Эми ал мындай абалды кайталаса же башка эреже бузууларга жол берсе жумуштан биротоло четтетилет”, - деди Нурлан Атаканов.

Эске сала кетсек, 215-маршруттук таксинин айдоочусу жүргүнчүлөрдү себепсиз жарым жолдон түшүрүп салганын жүргүнчүлөрдүн бири видеого тартып алып интернетке жүктөгөн. Эки күндүн ичинде 83 миңден ашуун адам көргөн видео социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып нааразычылыктар айтылган.

Түнкүсүн жүргүнчүлөрүн жолго таштап кеткен айдоочу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
abusait
2017-08-03 18:30:08
Чарчап калса керекда байкуш.
-11
AIZAD
2017-08-03 18:34:57
Тоюп калса керек, нанын жолго таштап!
-6
Azatbek83
2017-08-03 18:35:37
Жургунчулорду жеткирип маршурутту да стоянкага таштап уйуно келгиче бир топ убакыт кетет.Ошон учун озу жашаган жерине келип кечирип койгулачы мен чарчадым уктайм озунор пешком кете бергиле деген окшойт да.Айдоочу бир себебин айтса жургунчулор да туура кормок,жон эле тушуруп салбастан.
+2
Hadyja
2017-08-03 20:23:43
Чарчаганынан тушурсо,туура кылганы.Чарчаган боюнча айдаса,авария болсо,анда да кыйын болмок.Ошого бул айдоочу балким,туура кылгандыр.
Бая куну эле канча адам каза болду.Ошого туура эле кылды болуш керек
-1
barsbegKG
2017-08-03 20:53:44
Чарчады чарчаган жок бул 2-даражадагы маселе биз кыргыздарда жоопкерчилик деген жок. Конечныйдан чыгып жатканда эмнени ойлоду? Мындай маселе жаралса артта келаткан кесиптешине табыштап анан кетпейби. Элди орто жолго таштабай.
+16
Nadirov
2017-08-05 02:37:20
Таластыкго бул,же Нарындык биртке
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан