Бүгүн президенттикке талапкерлердин төртөө кыргыз тили боюнча сынакка катышмак, экөөсү гана өттү

Бүгүн, 3-августта президенттикке талапкерлердин төртөө мамлекеттик тил боюнча сынакка катышмак, тесттен экөөсү гана өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Максатбек Жумабеков жана Адахан Мадумаров мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү тестинен өтүштү. Жыйынтыгында Мадумаров 96,77 баллга, Жумабеков 81,6 баллга ээ болушту.

Ал эми Нусрет Муса-Оглы Мамедов сынакка чейин талапкерлигин алып салган, Игорь Трофимов эч кандай билдирүүсү жок эле бүгүн тестке келбей койгону белгилүү болду.

Эскерте кетсек, талапкерлер "Кыргызтест" системи боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтүштү. Анда кыргыз тили боюнча лексика-грамматика, угуу, окуу жана сүйлөөнү текшерүү каралган. Талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу 26-июлда башталып, бир күндө 4 талапкер тестирлөөдөн өтүп турмакчы болгон. Сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билерин тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
tulpar90
2017-08-03 19:13:00
Алга Адахан Кимсанбаевич. Биздин тандоо Адахан Кимсанбаевич Мадумаров.
+9
ma2as
2017-08-03 20:08:16
Адахан Кимсанбаевичти колдойм .
+8
Edward.14
2017-08-03 20:43:19
Рекорд коюптурго Адахан Кимсанбаевич Мадумаров алга биз сиз менен
+9
Edward.14
2017-08-03 20:46:14
Супер не рекорд койду деп жазбайсынар.Кечке эле Улукбекти матайсынар
+7
baha1985
2017-08-03 21:25:13
Edward.14,Адахан акча бербей атса керек да
+7
kychan.98
2017-08-03 21:35:51
Адаханды шайлаймын
+8
barsbegKG
2017-08-03 21:04:28
Сөзүнө ээ боло алган бир эле инсан бар бул Мадумаров агам. А калгандары болсо 6 жылда мамлекетти өнүккөн 10өлкөнүн катарына кошот. Дагы бирөөсү жаңы төрөлгөн балага 50миң сүйнчү пул берет. Биз башка дүйнөдө жүргөндөй болбой... жашоого реалдуу көз карашта бололу! Убада бергендерин салыштыргыла.
+8
arawan
2017-08-03 21:27:14
тили менен сайрады да буудай куруп мадумаров бакиевди алып келем деген таластыктар мадумаровду келсе кууп жиберет
-10
moskoy
2017-08-03 23:23:40
arawan,адашып минус басып алдым
-7
moskoy
2017-08-03 23:26:12
moskoy,бул кур чечен тили менен эле буудай кууруйт ал эми эл аралык денгээлде билими жок.
-8
nargiz-sa
2017-08-04 09:49:31
moskoy,кандай туркой немесин эл аралык денгээлде эле эле иштеп жургон го кыргыз туурк элинин бириккен уюмун жетектеп. Кочмондор оюнунун идеясы да алгачкы уюштурган да ушул Мадумаров
+2
Sabway
2017-08-03 21:41:26
Негизги талапкерлер С.Жээнбеков, О.Бабанов, Т.Сариев, А.Келдибеков, Б.Торобаев ушулар эле калгандары аз эле добуш алышат. Билинип эле турат да...
-5
barsbegKG
2017-08-03 22:05:07
Sabway,Сен адашасың тууган Мына ушул эле супердин сайтынан. Ким кандай добуш топтогонун сурамжылоодо көрдүң да.
+4
bakulya2015
2017-08-03 23:23:12
Ушул Мадумаровту тынч койсолор эле болду бул кишигеда бир айып койбосо эле болду. Эл кимди кооп шайласа ошолорду камап жок кылып жатат.
+6
aza84
2017-08-04 01:27:11
Бабанов болот буйруса
-4
Beka1986
2017-08-04 01:34:37
aza84,Бабанын башында калгыр
+4
Bahira
2017-08-04 13:57:25
Мен ИншаАллах Мадумаровду колдойм
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан