Түштүк Сахалинде Ильяз Токтоназаров аттуу Кыргыз жараны курулуп жаткан имараттын 5-кабатынан кулап түшүп, 8 айдан бери эсине келбей жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 3-августта Сахалинде иштеп жүргөн Артур Атаев аттуу жаран кабарлады. Анын айтымында, Токтоназаров көп кабаттуу үйдө курулушта иштеп жатып 2016-жылдын 9-декабрында кокусунан 5-кабаттан кулап кеткен. Токтоназаров кырсыктан улам башынан катуу жаракат алган.
"Учурда ал Сахалиндеги Ф.С.Анкудинов атындагы шаардык ооруканада жатат. 9-декабрдан бери эсине келе элек. Дарыгерлер Кыргыз жерине алып кетүүнү сунушташты. Ал үчүн 300 миң рубль акча керек болгондуктан ата-энесинин каражаты жок, бул жакта иштеген кыргыздар акча чогултуп жатышат. Учурда 100 миң рублдан ашык акча чогулду. Эгерде каражат чогулуп калса, бир дарыгер аны Кыргыз мамлекетине чейин коштоп бара турган болууда. Бул жакта учурда келинчеги жана иниси карап жатат. Ошондуктан колунда бар адамдардан жардам берүүнү суранабыз", - деди Атаев.
Ал Ильяз Токтоназаров Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна караштуу Айгыр-Жал айылынын 41 жаштагы тургуну экендигин кошумчалады.