Индияда улгайган аялды жезкемпир дешип өрттөп, сабап өлтүрүштү

Индиянын Уттар-Прадеш штатынын жашоочулары улгайган аялды жезкемпир дешип өрттөп, сабап өлтүрүштү. Бул тууралуу Индиянын Times of India басылмасына шилтеме берүү менен РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Окуя 3-август күнү эртең менен болгон. Жергиликтүү полициянын маалыматына ылайык, 65 жаштагы Маан Деви аттуу аял үйүнө бара жатып жолдон адашып, бөтөн районго кирип кеткен.

"Улгайгып калган бул аял психикалык жактан жабыркайт экен. Анын бырыш баскан жүзү, аппак чачтары жергиликтүү жашоочуларды чочулаткан", - деген полиция Тедж Бахадур Сингх.

Полиция аялдын тышкы келбетинен да анын жасаган кыймыл-аракеттери тургундарды көбүрөөк коркуткандыгын белгилеген. Ал аялдын бул аймакка келиши Дели жана ага жакынкы шаарлардын жашоочуларынын арасында жезкемпирлер адамдарга кол салууда деген айың кептин тарап жаткан учуруна туш келген.

"Акыркы күндөрдө Делиде, Гургаон жана Индиянын түндүк жагындагы шаарларда аялдарга кол салуулар болуп жатканы калк арасында айтылып, жергиликтүү маалымат каражаттары да жарыялоодо. Кол салуудан жабыркаган аялдардын баары окшош окуяны айтышат. Алардын айтымдарында, аялдар башына жеген катуу соккудан эсин жоготуп коюшат, көзүн ачса жанында кыркылган чачы турган болот", - деп жазылат маалыматта.

Маан Девини жергиликтүүлөр аялдарга кол салуу үчүн келген жезкемпир деп ишенип алуусуна бул абал да себеп болгон.

"Бул аймактын жашоочуларынын арасында, өзгөчө жаштар арасында ар кандай шайтан, мышык, жезкемпир сыяктуулар адамдарга кол салууда деген мистикалык айыңдар тараган. Айрымдар бул кепке ишенип алышкан. 65 жаштагы адашып кеткен аялдын өлүмү да жаштардын ошол уламыштарга ишенип алгандыгында болушу мүмкүн. Бирок чындыгында эч кандай жезкемпир болгон эмес. Биз бул ишти аягына чейин иликтеп чыгабыз", - деген делилик полиция Сурендер Кумар.

Маан Деви топтолгон элдин урган таягынан жана денесинин күйүк алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Shaa-82
2017-08-04 09:44:23
Буларда сурап, изилдеп, иликтеш жок бекен? Твдан корсотуп дегендей ушул кемпир табылды деп суротун корсотуп.
+4
medik.osh
2017-08-04 09:52:48
жапайылар
+15
zzari-83
2017-08-04 10:00:15
Апееей,анык жапайыларго, шумдуктуулар десе!!!
+14
Aruwka.89
2017-08-04 10:09:52
Жапайычылык
+12
engel
2017-08-04 10:10:51
Карангылар го жеткен. Кайсы кылымда жашап жатышат? Жомокко ишенишип. Жапжашынкай эле кемпир экен го кебетеси.
+11
evra_kg
2017-08-04 10:11:10
Кудай сактаа жапайылар байкуш жаман болуптур
+8
Shadykanov
2017-08-04 10:44:13
Дибилизим
+9
Aidana94
2017-08-04 10:49:20
Эмне деген Жапайычылык
+10
Ayida
2017-08-04 10:54:43
Жезкемпирге окшобойтго?Оздору жезкемпир акмактар.
+10
BekAmir
2017-08-04 11:50:31
Мээси жок жапайылар. Озу аран жургон оорукчан кемпирге алынар жеттиби
+8
din_tomas
2017-08-04 12:48:16
Маглы
0
anobis85
2017-08-04 16:26:57
ужас
0
bars_wire
2017-08-04 16:39:44
Сулуу кемпир экен эле.Кандай кок мээлерге жезкемпир корунду экен.
+1
AKCAHAT
2017-08-04 17:55:13
Индиялыктар озу кичине нары бери эле болотко
0
Nadirov
2017-08-05 02:33:46
Озбектердин апалары.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан