Турмушка чыгуудан баш тарткан кыргыз кызы үйүнөн качып Москвадагы психиатриялык ооруканага жаткан

Кыргыз кызы ата-энесинин үйүнөн качып, Москвадагы психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына жаткан. Бул тууралуу кечээ, 3-августта Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилиги маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, 2-август күнү элчиликке Кыргыз Республикасынын жараны К.Абдыкадыров кайрылып, кызын Москва шаарындагы №1-психиатриялык ооруканадан чыгарууга жардамдашууну өтүнгөн. Абдыкадыров кызы бул ооруканага өзүнүн каалоосу менен жаткырылбагандыгын кошумчалаган.

"Буга байланыштуу элчиликтин кызматкерлери аталган медициналык жайга барып, Абдыкадыровдун кызы К.Аны дарылаган дарыгер менен жолугушту. Дарыгер К.А. ооруканага ушул жылдын 29-июль күнү оюна келгенин жөөлүп жаткан жана фантастикалык ойлордун таасиринде жүргөн абалына байланыштуу жаткырылганын айткан", - деп жазылат маалыматта.

Дарыгерден кийин элчиликтин кызматкерлери К.Анын өзү менен жолугуп сүйлөшкөндө, ал кыз акыркы 6 ай ичинде ата-энесинин катуу басмырлоосунда жүргөнүн билдирген. Өзгөчө аны апасы катуу кысымга алып, бейтааныш жигитке өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн күйөөгө берүүгө аракет кылып жаткандыгын айткан. Ата-энесинин кысымынан улам К.А. Кыргыз мамлекетинен качып ооруканага жатууну көздөгөн.

Москва шаарындагы Симонов райондук сотунун чечими менен К.А. ооруканадан чыгарылып, атасына тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Rifle_I
2017-08-04 10:44:33
Жашоо жакшы жагына өзгөрүп, элибиз ошол жашоого ылайыктуу түшүнүгү жок болуп калдык.
+4
Aruwka.89
2017-08-04 10:46:37
Апей кыз бала буюм беле атаенеси жапайы немелерго
+10
grace
2017-08-04 10:57:17
Ошончого жеткирген ата-энеси кызык го.
+9
Hadyja
2017-08-04 11:00:46
Супер инфого баягыда бир кыз оз окуясын жазды эле,ал эмес болду бекен.
Москвада ушундай больницадамын деди эле
0
Farm94
2017-08-04 16:03:24
Биздин салтыбыз адамдарды оз жанын кыйганга чейин алып барат
+1
Arlenchik
2017-08-04 17:20:09
Мажбурлабай оз каалосун мн бергилечи кыздарынарды, чыгарып ата-энесине кошуп берип койгон мн чектелип калбай козомолго алып туруш керек, мумкун сен бизди мынтип деп мурдагыдан жаман кылышат.
+2
AKCAHAT
2017-08-04 17:51:53
Эми тагдыры эмне болот, жапайы апасы токмоктоп салсачы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан