Бишкек шаарынын прокурору Абдибакыт Халмурзаев болду

Бишкек шаарынын прокурору кызматына Абдибакыт Халмурзаев дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка башкы прокурор кол койду.

Халмурзаев Абдибакыт Алыбаевич 1968-жылы 1-ноябрда Ош облусунун Ноокат районунда туулган.

Эмгек жолу – 1993-жылы Бишкектин Октябрь районунун прокуратурасында үйрөнчүк. Кийинчерээк Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын прокурору, транспорт прокурору, Алай районунун прокурору, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда прокурордун орун басары, Октябрь районунун прокурору болуп иштеген.

Рингдеги ийгиликтери – СССРдин бокс боюнча спорт чебери. 1984-1985-жылдары – СССРдин бокс боюнча жаштар арасындагы биринчилигинин чемпиону, СССР курама командасынын мүчөсү, эл аралык мелдештердин жеӊүүчүсү.

Анын бир тууганы Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын ээлейт.

Эскерте кетсек, буга чейинки Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Бейшекеев 21-июлда өз каалоосу менен кызматтан кеткен эле. 25-июлда Бишкектин прокурорунун милдетин аткаруучу болуп Асан Кангелдиев дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
toktor89
2017-08-04 11:25:40
Жыргатат мунусуда ; ((
+2
Jarookerjan
2017-08-04 12:59:26
toktor89,кыйратаат
+1
Gisi
2017-08-04 12:09:08
Делайте иш илгери
0
Aruwka.89
2017-08-04 12:28:51
Кыргыз элеби?
+1
moskoy
2017-08-05 01:03:54
Aruwka.89,шопурдун тууганы болуш керек.
0
novayariga
2017-08-04 12:43:46
Брат эмнеси болсо да зонтикти озун эле кармай кор
0
Melis2014
2017-08-04 13:18:01
novayariga,иштебеген башка таш жааса деле жарашат
0
miki87-06
2017-08-04 15:09:23
ийгиликти каалаймын байке
0
Altyn10076
2017-08-04 18:21:26
Кыргыз эмес окшойт аты жону башкача
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан