Бүгүн, 4-августта президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, биринчи болуп сынак тапшырган талапкер Руслан Жунусов жыйынтыгында 46,1 балл алды. Ал талапка ылайык балл топтой албагандыгына байланыштуу ага сертификат эмес, канча балл топтой алгандыгын билдирген маалым кат гана берилет.
Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков болсо лексика-грамматика, угуп тапшырмаларды аткаруу, жазуу, окуу жана сүйлөө тесттерин ийгиликтүү тапшырып, жыйынтыгында 94,6 баллга ээ болду.
Ошондой эле бүгүн тест тапшыра турган талапкер Арсланбек Малиев тиешелүү документтерди тапшыруу менен сынакка келе албастыгын билдирип, тестирлөө датасын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылды.