Өлкөнүн түндүк аймагындагы бардык эс алуу жайларына жана токойлуу тоолоруна адамдар тарабынан келтирилген зыяндарды текшерүү жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жай мезгили башталгандан тартып жаратылышта, Ысык-Көлдө эс алгандар эс алуудагы маданиятты сактабай, жаратылышка ар кандай зыян келүүдө. Ысык-Көлдүн жээгине чейин унааларды токтотуп, ал тургай ит жана башка үй жаныбарларын кошо сууга алып кирген жарандар бар. Инспекторлор тарабынан аларга чара көрүлүп, айып салынууда. Буга карабастан жаратылышка шалаакы мамиле жасагандардын аягы тыйылбай жатат. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция эс алуучуларды жаратылышты булгабоого, маданияттуу эс алууга, экологияга зыян келтирбөөгө чакырат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, учурда бул боюнча мамэкотехинспекция жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барууда.