"Электр станциялары" ачык акционердик коому "Liglass Trading CZ" чехиялык компаниясы менен инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Бул тууралуу аталган коомдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 4-августта "Электр станциялары" ААКсынын акционерлеринин кезексиз чогулушу өттү. "Ишкананын башкы директору Узак Кыдырбаевдин айтымында, Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин курууга 230 миллион доллар көлөмүндө акча каражат тартуу келишимдин шарты болуп саналат. Бул инвестициялык келишимге ылайык, "Электр станциялары" "Жогорку-Нарын ГЭС" ЖАКсынын акционери катары өз милдеттерин аткарат. Эгер инвестор өз милдеттерин аткарбаса келишим токтотулуп, "Жогорку-Нарын ГЭСке" бөлүнгөн акча каражаты кайтарылбайт. "Электр станциялары" ишканасынын акционерлери көпчүлүктүн добушу менен келишимдин долбоорун жактырды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, ушул жылдын 10-июлунда Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, дагы 10 чакан ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен чех компаниясынын ортосундагы келишимге кол коюлган. Көп өтпөй чехиялык ЖМКлар "Liglass Trading CZ" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу.